Кожошев Россиянын кайсы товарлары Кыргызстанга зарыл экенин айтты

Кожошев Москвага жумушчу сапары менен барып, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешмесине катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кожошев Москвада жумушчу сапары менен жүрөт.
Кеңешменин жүрүшүндө тараптар ортосунда өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча кеңири сүйлөшүү болгон.
Жыйында соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аймактар аралык кызматташуу маселелерине, ошондой эле макулдашууларды ишке ашырууга басым жасалган.
Кожошев белгилегендей, аталган комиссия өкмөттөр аралык кызматташтыкты бекемдөө үчүн гана аянтча болуп саналбастан, бизнес жаатындагы байланыштарды кеңейтүүгө да мүмкүндүк берет.
"Биз Россия Федерациясынан өнөр жай товарларын, отун-энергетикалык ресурстарды, медициналык, фармацевтикалык жана химиялык продукцияларды, жыгач материалдарын, машиналарды жана жабдууларды, ветеринардык дармектерди, ошондой эле жаңы технологияларды алууга кызыкдарбыз", — деген Кожошев.
Ал кыргыз тарап Россиянын Кыргызстан менен үзгүлтүксүз авиакаттамына болгон чектөөлөрдү алып салуу тууралуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.
Кыргызстан менен Казакстан министрлери жүк ташуу боюнча сүйлөштү