Радио

Нарбеков: лейкоз менен ооругандарды каттоо башталды

Улуттук онкология жана гематология борборунун гематологу Тимур Нарбеков оорунун күчөп кетпешине шарт түзүлсө абалды жөнгө салууга мүмкүн экенин айтты.
Sputnik
Кан оорусуна чалдыккан жарандардын санын так билип, аларга байкоо жүргүзүп, көзөмөлдөп туруу үчүн мамлекеттик медициналык каттоо абдан маанилүү. Оорунун күчөп кетпешине шарт түзүп, абалды жөнгө салууга мүмкүн. Бул тууралуу Тимур Нарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы учурда Кыргызстанда гематологиялык ооруларга чалдыккан балдардын саны өскөнү байкалууда.
"Өлкөдө ак кан көйгөйү дагы эле орчундуу. Улуттук онкология жана гематология борборунда лейкоз менен ооругандарды каттоо жүргүзүлө баштады. Кан оорусуна чалдыккан жарандардын санын так билип, аларга байкоо жүргүзүп, көзөмөлдөп туруу үчүн мамлекеттик медициналык каттоо абдан маанилүү. Оорунун күчөп кетпешине шарт түзүү аркылуу абалды жөнгө салууга мүмкүн. 2017-жылы гематологияны Улуттук онкология борборуна кошкон. Буга чейин бейтаптарды каттоо, мониторинг жүргүзүү сыяктуу иштер жакшы жүргөн эмес. Аталган каттоо жыйынтыкталса дары-дармек менен камсыз кылууга, кырдаалды көзөмөлдөөгө да оңой болмок", — деди Нарбеков.
Ошондой эле адис гемофилия менен ооруган жарандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан дары-дармек менен камсыз болуп жатканы кошумчалады.