30 жаштан өткөн соң айрым бут кийимден баш тартуу керек. Адистин кеңеши

Адам канчалык жаш болсо, кан тамырлары жана жүлүнү ошончолук ийкемдүү келет. Жаш өткөн сайын алар акырындык менен катып ийилчээктигин жоготот да, туура эмес бут кийим кийгенде кыйнала баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ортопед-травматолог Елена Пастарнак Sputnik агенттигине берген маегинде 30 жаштан өткөндөн кийин кандай бут кийимден баш тартуу керектигин айтты.
Адистин пикиринде, бул курактагы адамдар кеда сыяктуу таманы тегиз жана жалпак бут кийимди таштаганы оң.
"Такасыз, таманы тегиз бут кийим ыңгайлуу көрүнгөнү менен ден соолукка анчалык пайдалуу эмес. Башкача айтканда, май таман оорусундагыдай болуп согончок, манжалар жана тамандын ортосу бир тегиздикке жайгашат. Мындай учурда кан тамырлар менен омурткага күч келет. Жаш кезде бул нерселер сезилбегени менен жаш өткөн сайын кадимкидей кишини кыйнап коет", — деди Пастарнак.
Анын ордуна дарыгер такасы 3-4 сантиметр, бутту тыкан кармаган бут кийимдерди сунуштайт. Басканда ыңгайсыздык жаралса ортопедиядык батек салып алса болот.
35 жаштан өйдө курактагылардын аптечкасында эмне болушу зарыл