Жеңиш күнүнө арналган ырлардын конкурсу жарыяланды. Катышуу шарты

Сынактын жеңүүчүлөрү 9-май күнү Бишкекте өтө турган гала-концертке катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жаштар арасында "Ырдайлы, достор!" аталышындагы аскердик-патриоттук ырлар боюнча фестиваль-конкурс өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун сайтында маалымдалат.
Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган. Сынакка жаш аткаруучулар, студенттер, окуучулар катыша алат. Курагы 7ден 30 жашка чейин деп белгиленген.
Жеңүүчүлөр "Мыкты аткаруучу бала", "Мыкты аткаруучу кыз", "Мыкты вокалдык топ" (дуэт, трио же квартет), "Мыкты команда" номинациялары боюнча аныкталат. Мыкты аталгандар 9-май күнү фестивалдын Бишкекте өтө турган гала-концертинде ырдашат.
Катышуучулар Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишти майрамдоого арналган, мекен, эне жөнүндө бир ырды жөнөтүшү керек.
Конкурска табыштамалар 25-апрелге чейин кабыл алынат. Ал үчүн maestroromans@mail.ru электрондук почтасы аркылуу "ПОБЕДА 77" деген белги менен, же болбосо Бишкектин Эркиндик проспекти 2/1 дареги аркылуу келип тапшырса болот.
Табыштаманын формасы жана конкурстун жобосу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун сайтында камтылган.
"7 жаш автор": "Кыргызпатент" жаш калемгерлердин сынагын жарыялады. Шарты