Радио

Акунбеков: түшүмдүүлүктүн 65%ы жер семирткичтен көз каранды

"Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору Эрлист Акунбеков Кыргызстанда түшүмдүүлүктүн 65 пайызы жер семирткичтен көз каранды экендигин айтты.
Sputnik
Сапаттуу үрөн жана агротехнологиянын туура жүргүзүлүшү айыл чарбасынын негизин түзөт. Бирок дыйкандардын көбү жер семирткичтерге басым жасап жатат. Бул тууралуу Эрлист Акунбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дыйканчылык топурактын анализинен башталгандыктан лабораториялардын санын көбөйтүп, адистер менен камсыз кылуу кажет.
"Жер семирткич менен өзүн өзү камсыздоого Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жетет. Өндүрүшкө көңүл буруп, бул тармакта туура иштер жасалышы керек. Жер семирткичтин сырьёсу жаратылыш газы деп айтылат. Анын запасы Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Россияда көп. Ошол себептен бизге салыштырмалуу химия өнөр жайы жогорудагы өлкөлөрдө калыптанган. Жер семирткич үч негизги макроэлементтерден турат: азот, фосфор жана калий. Жер семирткичтин айыл чарбасындагы ролу абдан чоң. Себеби түшүмдүүлүктүн 65 пайызы жер семирткичтен көз каранды. Сапаттуу үрөн жана агротехнологиянын туура жүргүзүлүшү айыл чарбасынын негизин түзөт. Дыйкандардын көбү жер семирткичке басым жасап жатат", — деди Акунбеков.
Ошондой эле адис өлкөдө минералдык жер семирткич өндүргөн завод курулса, импортко көз карандылыктан чыгууга жол ачыла тургандыгын кошумчалады.