Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Украина химиялык чагымчылык пландап жатышы толук мүмкүн

Россиянын ТИМи Украинага башка мамлекеттерден чагымчылдыкка керектүү куралдын материалдары алып келиниши мүмкүндүгүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Украинага үчүнчү өлкөдөн өзөктүк материал алып келиниши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын ТИМ башчысынын орун басары Олег Сыромолотов билдирди.
"Украинага үчүнчү мамлекеттерден өзөктүк материалдын алып келиниши мүмкүн болгон сценарийди жокко чыгара албайбыз", — деген ал.
Буга чейин дипломат Украинанын бийлиги Донбасста химиялык чагымчылдык уюштуруу планын даярдап жатканын, анын айынан биринчи кезекте ишканалар жабыр тартарын билдирген.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мизинцев: Украина жай тургундарды жапырт ууландыра турган чагым уюштурду