Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШдагы Россия элчилиги: химиялык куралдын запасын 2017-жылы жок кылганбыз

Россия элчилиги АКШ жетекчилигин жалган маалымат таратпоого жана химиялык куралды жок кылуу процессин тездетүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайстын Россиянын химиялык курал колдонушу мүмкүн деген билдирүүсү негизсиз жана жөн гана чагымчылдык. Мындай пикирин Россиянын Вашингтондогу элчилигинен билдирди.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө Россиянын куралдуу күчтөрүнүн ууландыруучу химиялык куралы жок экени, химиялык куралдын мурдагы запастары жок кылынганы белгиленген.
"Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аймагында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарып жатат. Бирок алардын колунда химиялык согуштук курал жок, анткени биздин өлкөдөгү химиялык куралдын бардык запастары 2017-жылы жок кылынган", — деп айтылат билдирүүдө.
Дипломатиялык миссия Украинанын радикалдары химиялык заттарды колдонуу менен провокацияларды даярдаганы тууралуу тастыкталган маалыматтар тынчсызданууну жаратаарын белгиледи. Мындан тышкары, бул заттар кандай келип чыкканы чоң суроо пайда кылары кошумчаланды.
Ошондой эле элчилик АКШ жетекчилигин жалган маалымат таратпоого жана химиялык куралды жок кылуу процессин тездетүүгө чакырды.
"Биз Вашингтонду жалган маалымат таратпоого үндөйбүз. Анын ордуна кесиптештер өз мамлекетин химиялык демилитаризациялоо процессин күчөтүшү керек. АКШ дагы эле Химиялык курал боюнча конвенциянын катышуучусу, бирок эл аралык милдеттенмелерин аткарбаган жалгыз өлкө. Америкалык арсенал адамзат үчүн реалдуу коркунуч болуп саналат", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Россия 24-февралда Украинада атайын аскердик операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Бул үчүн, анын айтымында, Украинаны демилитаризациялоо, Донбасста жай тургундарга каршы кандуу кылмыштарга жооптуу бардык согуш кылмышкерлерин жоопко тартуу пландалган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Украина химиялык чагымчылык пландап жатышы толук мүмкүн