Радио

Ниязова: 12 жылдык мектеп келечектеги кесипти тандоого багытталган

Кыргыз билим берүү академиясынын мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнү өнүктүрүү борборунун директору Айнагүл Ниязова министрликтин тапшырмасы менен башталгыч класстын предметтик стандарты боюнча иш жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигинин 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгесинин айласында көп суроо жаралууда. Мисалы, азыр 11-класста окуп жаткан бала кийинки жылы 12-классты окубайт. Бул окутуу модели 6 жаштан баштап 1-класска бара турган балдарга тиешелүү. Бул тууралуу Айнагүл Ниязова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 12 жылдык мектеп келечектеги кесипти тандоого көбүрөөк багытталган.
"Мектепке даярдоо классы (нөлүнчү) 1-класска өткөрүлгөндөн кийин 6 жашынан мектепке барган балдар гана 12 жылдык билим алат. Эгерде 2023-жылы 12 жылдык билим берүү моделине өтсөк, 2035-жылдары гана 12-класстын бүтүрүүчүлөрүн мектептен узатабыз. Ал эми бала бакчалардагы мектепке даярдоо тайпасы жоюлуп, баланын саны 30-40ка азайып, жобо кабыл алынса бөбөктөр эки жашынан баштап бакчага кабыл алынып калат. Учурда Билим берүү министрлигинин тапшырмасы менен башталгыч класстын предметтик стандарты боюнча жумуштар аткарылып жатат. Башталгыч класстын окуу жүктөмү көбөйтүлүп, жыл ичинде 480 сааты 560-570 саат болушу мүмкүн. Андан тышкары, 11-12-класстагы профилдик билим берүүнүн компоненттери каралып (мектеп жана өнүктүрүү), багыттарга бөлүштүрүлүүдө. Жалпы окуу жүктөмү жыл ичинде 1 020 саат болсо, эми 900 саатка чейин азайтылат. Ошондо окуучулар ар кандай бекер ийримдерге, спорттук секцияларга, курстарга бош убактысын бөлүүгө мүмкүндүк алат. Ал эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү процессинде окуу китептери этап-этабы менен өзгөртүлөт", — деди Ниязова.
Ал окуу китебинин сапатын көтөрүү максатында авторлор тандалып, авторлукка педагогдор тартылып, илимий-практикалык борбор авторлордун тизмесин түзүп, аларды окутууну пландап жатканын кошумчалады.