Автоунааларга видеорегистратор коюлсун. Өкмөт ИИМге мыйзам иштеп чыгууну тапшырды

Аталган норманы 2025-жылы ишке киргизүү сунушталып жатканы кошумчаланды. Автоунаа ээлери бул убакытка чейин видеорегистратор алууга бюджетин пландаштырып алат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековго республиканын аймагында катталган автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистраторлор менен камсыздоо жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Автоунааларды видеорегистраторлор менен жабдуу жолдогу тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет. Себеби видеокамералардын саны өсүп, укук бузуулардын көбү камера аркылуу катталып турат. Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта.
Аталган норманы 2025-жылы ишке киргизүү сунушталып жатканы кошумчаланды. Автоунаа ээлери бул убакытка чейин видеорегистратор алууга бюджетин пландаштырып алат.
Жогорку Кеңеш унаалардын терезесин караңгылатуу мыйзамын кабыл алды