Нарын шаарына Ош калаасынан белекке 1000 көчөт келди. Сүрөт

Буга чейин шаардын мэрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ош шаарынан Нарын калаасына арча жана башка бактардын 1 000 түп көчөтү белек катары келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине аймактык кабарчы билдирди.
1 / 2

Ош шаарынан Нарын калаасына арча жана башка бактардын 1 000 түп көчөтү белек катары келди

2 / 2

Нарын менен Ош шаарларынын мэрлери Канболот Тутуев менен Алмаз Мамбетов кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн

Нарын менен Ош шаарларынын мэрлери Канболот Тутуев менен Алмаз Мамбетов кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.
Көчөттөрдү Ош шаардык жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлери алып келген. Белек үчүн Тутуев Мамбетовго ыраазычылык билдирип, Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык кеңешинин ыраазычылык каттарын берип жиберген.
Бул көчөттөр мектеп, бала бакча жана башка пландалган аймактарга отургузулат.
Анжиян Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Сүрөт