Нарын шаарына туристтик маалымат борбору курулат. Эскиз

Учурда курулушту пландоо иштери жүрүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Нарын шаарына туристтик маалымат борбору курулат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 2

Нарын шаарына туристтик маалымат борбору курулат

2 / 2

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Нарын шаарынын мэри менен маалымат борбор курула турган жерди көрүп, архитектура, жылуулук берүү жана башка ишканалардын жетекчилери менен курулушту пландаганы кошумчаланды

Анын айтымында, жаңы маалымат борбор үчүн Нарын шаарынын "64" аймагындагы жаңы түптөлгөн сейил бактын жанынан жер аянты бөлүнгөн. Учурда курулушту пландоо иштери жүрүп жатат. Маалым болгондой, курулуштун долбоору даяр. Ал республикалык бюджеттен каржыланат.
Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Нарын шаарынын мэри менен маалымат борбор курула турган жерди көрүп, архитектура, жылуулук берүү жана башка ишканалардын жетекчилери менен курулушту пландаганы кошумчаланды.
Нарын шаарына Ош калаасынан белекке 1000 көчөт келди. Сүрөт