Муфтият ажылык сапарга барчуларды вакцина алууга чакырды

Сауд Аравия Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген 4 вакцинаны алгандарга кирүүгө уруксат берет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Муфтият ажылык сапарга барууну пландап жаткан жарандарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Сауд Аравия чет элдиктердин зыяратка келишине уруксат берген. Кыргызстанда 2020-2021-жылдары ажылык сапар үчүн тизмеге катталып, бирок пандемиядан улам бара албай калгандар бар.
"Электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер ажылык мезгилине убакыт тар болуп калгандыктан, алдын ала COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз", — деп билдирди муфтият.
Сауд Аравия төмөнкү вакциналарды тааный турганы белгиленди:
Pfizer-BioNTech;
Moderna;
Oxford-Astrazeneca;
Janssen.
Орозо 2022: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары