Кыргызстанда суу май канчага кымбаттады. Статистика

Рыноктогу бааны кармап туруу үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фонду товардык интервенция жасап турат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир айга жетпеген убакытта суу майга болгон баа 5,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын март айында суу майдын бир литри орто эсеп менен 157,6 сомду түзсө, 12-апрелге чейин 5,5 пайызга жогорулап, бир литри 166,3 сомго жетти.
Баанын өсүшүнө таасир эткен факторлор:
Чет элдик валютанын курсунун туруксуздугу;
Кыргызстандын импорттон көз карандылыгы;
Азыктын дүң баасынын өсүшү;
Жеткирүүчү мамлекеттердин экспорттук товарга киргизген чектөөлөрү;
Логистиканын кымбатташы.
"Рыноктогу бааларды кармап туруу үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фонду товардык интервенция жасап турат. Ага ылайык, калктын аярлуу катмары үчүн суу майдын бир литри 130 сом деп бекитилген", — деп айтылат маалыматта.
Экономика жана коммерция министрлигине суу май боюнча рыноктогу абалды жөнгө салуу сунушу берилген.
Адис глобалдык кризис жакындап келе жатканын эскертти