Радио

Мусуралиев: мыйзамсыз байлыкты легалдаштыруу эки гана өлкөдө ийгиликтүү болгон

Бизнес-омбудсмендин орун басары Нурлан Мусуралиев "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоорундагы тобокелчиликтерди атап өттү.
Sputnik
Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү ачык-айкын жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин Нурлан Мусуралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мүлктү жана каражатты легалдаштыруу көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу инструменттеринин бири.
"Бизнес-акыйкатчы институту мыйзамсыз байлыкты легалдаштыруу боюнча эл аралык тажрыйбаны талдап чыкты. Аталган өнөктүктү жүргүзгөн көпчүлүк өлкөнүн ичинен 2001-2002-жылдары Италия жана 2016-2017-жылдары Индонезия гана жакшы натыйжага жете алган. Мисалы, Италиянын бюджетине 60 миллиард евро жана 4 миллиард евро салык катары түшкөн. Ал эми Индонезиянын казынасына 366 миллиард доллар, салык түрүндө 8 миллиард доллар түшкөн. Легалдаштыруу өнөктүгү ийгиликтүү болуш үчүн кеңири маалыматтык кампания жүргүзүлүшү керек. Анын максаттары, пайдасы, зыяны тууралуу коомчулук кабардар болушу зарыл. Жол-жоболору ачык жана түшүнүктүү болуп, жарандар өз каражатын жоготуудан, кылмыш жоопкерчилигин тартып калуудан жана салыктык сырдын ачылып калышынан кооптонбостон чечим кабыл алышы шарт. Азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы жогорку кызматтагылардын жана алардын жакындарынын киреше-чыгашасы, мүлкү боюнча маалыматтар коомго ачыкталбай турганы жазылган. Бул жагдай коомчулукта бир катар суроолорду пайда кылып, аталган мыйзам долбоору кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн жазылгандай күмөн жаратышы ыктымал", — деди Мусуралиев.
Ошондой эле ал аталган мыйзам долбоору боюнча тийиштүү сунуштар Бизнес-акыйкатчы институту тарабынан жумушчу топко берилгенин кошумчалады.