Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай АКШ Украинадагы абалды курчутуу менен эмнени көздөп жатканын айтты

Кытай АКШ менен НАТО өлкөлөрү башка мамлекеттердин ички иштерине экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аралаша баштаган деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ушул тапта Америка Кошмо Штаттарын дүйнөдөгү туруксуздуктун эң чоң булагы деп эсептесе болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кытайлык "Жэньминь жибао" гезитиндеги макалага шилтеме берип жазды.
"Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү башка мамлекеттердин ички ишине түз жана кыйыр кийлигишүү ыкмаларын колдоно баштаган. Бул дүйнө жүзү боюнча азыр дагы уланып жаткан туруксуздукка алып келген. Кандай гана жаңжал же кагылышуу болбосун, чоң-кичине дебей, америкалык тараптын кулагы көрүнөт", — деп жазылган макалада.
Ошондой эле Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштагандан бери АКШ Киевди тынымсыз курал-жарак менен камсыздап, Москвага каршы санкцияларды демилгелеп, кайра-кайра тукуруп келгени айтылды. Макалада айтылгандай, мындай жол менен Вашингтон карама-каршылыктарды күчөтүү менен өзүнүн глобалдык үстөмдүгүн бекемдөөгө аракет кылууда.
"АКШ узак убакыттан бери согуштук башаламандыкты тутандыруу жана мындан өзүнө пайда алуу маселесинде адис болуп саналат", — деп жыйынтыкталган макала.
Буга чейин Global Times гезити АКШ Россиянын Украинадагы атайын операциясынын бүтүшүн каалабай турганын жана деэскалацияны кечеңдетүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын билдирген.
АКШ журналисттери санкция эмне үчүн рублге зыян келтире албаганын түшүндүрдү