Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар: ооруканада 3 киши калды

Буга чейин жалпысынан ооруканага чек ара чырынан жабыркаган алты киши жеткирилген. Анын ичинен экөө биринчи медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар боюнча саат 21:00гө карата маалымат берди.
Ага ылайык, ушул тапта үч жабырлануучуга Лейлек районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борборунда дарыланып жатат. Ошол эле жайда буга чейин кармалып турган дагы бир жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Анын абалы канааттандырарлык.
Дарыланып жаткандар:
Э.М., 23 жашта (аскер кызматкери). Октон жаракат алган, абалы орточо оор;
О.З., 30 жашта (аскер кызматкери). Октон жаракат алган, абалы орточо оор;
Б.Т., 50 жашта. Октон жаракат алган, абалы канааттандырарлык.
Буга чейин жалпысынан ооруканага чек ара чырынан жабыркаган алты киши жеткирилген. Анын ичинен экөө биринчи медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атылган. Бирок эки тараптын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган. Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтоткон соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.
13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын алып кете баштаган.
Тараптар эки ирет жолугушуу өткөрүп, бир катар макулдашууларга келишкен.
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны алтыга жетти