Баткен менен Согд облусунун башчылары сүйлөшүү жүргүзүүдө. Сүрөт

Тараптар абалды жөнгө салууну жана чагымчылдыкка жол бербөөнү сүйлөшүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода экинчи ирет жолугушуу өткөрүүдө.
Жолугушуу саат 11:00дөн бери уланууда. Тараптар абалды жөнгө салууну жана чагымчылдыкка жол бербөөнү сүйлөшүп жатат.
Облус башчылары кечээ түндө да кезигишкен.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.
Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атылган. Бирок эки тараптын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган. Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтоткон соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.
13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын ала баштаган.
Чек ара кызматы Кыргызстан менен Тажикстан эмнелерди макулдашканын айтты