Кайгуул уюштурулуп, посттор коюлду. Баткен милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

ЖКККБ кызматкерлери дагы жеринде жол кыймылы коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Баткен милициясынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, башка күч органдары менен бирге чек ара аймагында абалды көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Баткен жана Согд ОИИБдин кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согду облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылында жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздоо максатында күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ушуну менен бирге Баткендин ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылы коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.
ИИМдин маалыматында, учурда кыргыз-тажик чектешкен аймакта абал туруктуу.
Окуя болгон жерде кечээ күндөн бери Баткен милициясынын башчысы Мурат Боронов кызматкерлери менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларын көзөмөлдөп жатканы белгиленди.
Ок атышуу токтоду. Баткен облусунун башчысынын чек арадагы чыр боюнча видеосу
Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атышуу болгон. Бирок эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган.
Кийинчерээк тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтотуп, андан соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.
13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын ала баштаган. Чек арага жакын жайгашкан айылдын эли өз унаалары менен үйлөрүн таштап кетип жатканы да айтылган.
Кыргызстан менен Тажикстан чыр чыккан жерден күчтөрүн алып кетүүдө