Депутат: мектепте англис тилин көп окутуп, лицейге IT сабагын киргизиш керек

Эл өкүлү Кыргызстандын жаштары билим менен гана экономиканы көтөрө ала турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева өлкөдө жумушсуздук маселесин чечүү үчүн маалыматтык технологиялар (IT) секторун колго алууну сунуштады.
Эл өкүлү IT-адистерин чыгаруу үчүн мектепте англис тилин окутууга жана мугалимдерди даярдоого маани берүү керектигин белгиледи. Ал Кыргызстанды жакынкы келечекте КМШдагы IT индустриясынын борборуна айландыруу мүмкүн экенин айтты.
Мындан улам төмөнкүлөр сунушталууда:
Мектепте англис тили боюнча сабагын көбөйтүү, анын сапатына көңүл буруу;
9-11-класстын базасындагы кесиптик-техникалык лицейлерде IT-адистиги боюнча сабак киргизүү;
Жумушсуз кайтып келген мигранттарды IT-адистигине кыска мөөнөттүү курстарда окутуп, аларды жумуш менен камсыздоо жолдорун үйрөнүп чыгуу.
Эл өкүлү жогоруда айтылган сунуштар боюнча тиешелүү министрликтерге протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.
Радио
Амракулова: Жалал-Абад менен Ош облустарында жумушсуздук күч