Ок атышуу токтоду. Баткен облусунун башчысынын чек арадагы чыр боюнча видеосу

Алимбаев Согди облусунун губернатору жана чек арачылар менен сүйлөшүү болгонун, учурда ок атуу токтогонун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik . Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы чырды башынан толук баяндап берди.
Анын айтымында, 12-апрелде саат 19:20 чамасында Лейлек районунун Селкан жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда пикир келишпестик болгон.

"Кыргыз чек арачылары өз ордунда кызмат кылып турган учурда Тажикстан мамлекетинин чек арачылары тушунан чыгып, чек ара чийининен Кыргызстанга өтүп, кыргыз чек арачыларына баш ийбей коюшкан. Мындан улам КР аскерлери аларды асманга ок атуу менен токтотууга аракет кылып, ортодо пикир келишпестик жаралып, бири-бирине ок атышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан бир чек арачы жабыркаган. Ошол замат эки тараптан тең чек арачыларга кошумча аскерлер келип, бири-бири менен атышып, чыр күчөп кеткен. Бул чырдан Кыргызстандын бир аскери жабыркап, ооруканага жаткырылган. Учурда абалы оор. Азыр Согди облусунун губернатору жана чек арачылар менен сүйлөшүп, ок атууну токтоттук. Мен чыр-чатак болгон жерге чыгып жатам. Ал жакка барып тажик тарап менен жолугуп, чыр-чатак эмнеден чыкканын, мындан ары кандай иштер жасаларын сүйлөшөбүз", — деген губернатор.

Ал атышууга жол бербөө үчүн тиешелүү иштер аткарыларын кошумчалаган.
Кыргызстан менен Тажикстан чыр чыккан жерден күчтөрүн алып кетүүдө