Баткенде абал турукташып, тургундар үйлөрүнө кайтып жатат

Жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча барган 17 799 адамдын ичинен 8 687си туруктуу жашаган үйүнө барды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасында абал турукташып, эвакуация болгон эл үйлөрүнө кайтууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча барган 17 799 адамдын ичинен 8 687си туруктуу жашаган үйүнө барды.
"ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 тургуну толугу менен жана Баткен районунан 33 киши үйлөрүнө кетишти. Бул ишке 80ге жакын куткаруучу тартылып, тиешелүү жети техника даярдыкта турат", — деп айтылат маалыматта.
Элди ташууга Жарандык коргонуунун райондук автотранспорт кызматынан 44 автоунаасы тартылганы кошумчаланды.
"Абал курчуган айылдардан жалпы 18 507 тургун эвакуацияланып, анын ичинен 17 799у (3398 үй-бүлө) туугандарынын үйлөрүнө өз алдынча жайгашкан", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атылган. Бирок эки тараптын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган. Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтоткон соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.
13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын алып кете баштаган. Чек ара кызматы учурда чек арада абал туруктуу экенин кабарлады. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантууда.
Баткен менен Согд облусунун башчылары сүйлөшүү жүргүзүүдө. Сүрөт