Баткендеги чыр-чатактан бир аскер кызматкери менен бир жай тургун жабыркады

Чек арачы учурда ооруканада болсо, жай тургун биринчи медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан эки адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"Жаңжалдын кесепетинен жаракат алып эки жабырлануучу Лейлек шаарындагы жалпы дарыгерлердин практика борборуна түшкөн. Аскер кызматкери учурда ооруканада. Ага хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн, абалы орточо оордукта. Экинчи жабырлануучу жай тургун. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Абалы канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан бир кыргыз аскери жарадар болуп, ооруканага жаткырылганын, абалы оор болгондуктан операцияга даярдалып жатканын билдирген.
Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атылган. Бирок эки тараптын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган.
Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтоткон соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.
13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын ала баштаган. Чек арага жакын жайгашкан айылдын эли өз унаалары менен үйлөрүн таштап кетип жатканы да айтылган.
Ок атышуу токтоду. Баткен облусунун башчысынын чек арадагы чыр боюнча видеосу