Жарымы балдар. Баткенде чек ара чырынан 644 тургун коопсуз жайга көчкөн

ӨКМ тарабынан облус аймагында 1700 орунга ылайыкташкан 13 пункт даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу 644 тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалымат саат 9:00гө карата берилди. Эвакуациялангандардын 53ү эркек, 246сы аял жана 345и жаш бала. Анын ичинен 50 тургун өз үйүнө кайтты.
ӨКМ тарабынан облус аймагында 1700 орунга ылайыкташкан 13 пункт даярдалган.
Эл жайгашкан аймактар:
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына;
Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары Раззаков шаарына (Исфана);
Эски-Оочу айылынын тургундары Лайли айылына;
Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына;
Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына.
Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атышуу болгон. Бирок эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган.
Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтотуп, андан соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.
13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын ала баштаган. Чек арага жакын жайгашкан айылдын эли өз унаалары менен үйлөрүн таштап кетип жатканы да айтылган.
Кайгуул уюштурулуп, посттор коюлду. Баткен милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө