Радио

Сейдалиева: театрга эл батпай, спектаклдер аншлаг менен өтүүдө

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти, КР эл артисти Калича Сейдалиева театр көрүүчүлөргө эшигин ачып, спектаклдер аншлаг менен өтүп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кыргыз улуттук академиялык драма театры үч жылга созулган оңдоп-түзөө иштеринен кийин жаңы репертуарын сунуштады. Театрда кыргыз драматургиясынан тарта дүйнөлүк классикалык чыгармаларды камтыган спектаклдер да коюлууда. Бул тууралуу Калича Сейдалиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, театрдын чыгармачыл тобунун көбүн жаштар түзүп, жаңы багыттагы көз караштар да камтылды.
"Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры оңдоп-түзөлгөндөн кийин көрүүчүлөргө эшигин ачып, чоң майрам катары кабыл алып отурабыз. Эл театрды сагынып калганын кезек күтүп, билет алгандарынан билүүгө болот. Театр ачылгандан бери ар бир спектаклге көрүүчүлөр үзүлбөй, сыртта 100-200 киши батпай калган учурлар кездешүүдө. Мындай абалды көптөн бери көрбөй калдык эле. Бул ар бир актёрго дем берип, чоң жоопкерчилик менен мамиле кылууга үндөйт. Оңдоо иштеринен кийин театрдын ичи жаңыланып, репетиция өткөрүүгө жакшы шарт түзүлүп калды. Репертуарлар жаңыланып, кыргыз драматургиясынан тарта дүйнөлүк классикалык чыгармаларды камтыган спектаклдер менен коштолууда", — деди Сейдалиева.
Ошондой эле адис өкмөт театрда иштеген жаш актёрлорго үй маселесин чечип берсе жаңы жетишкендиктер болорун кошумчалады.