Шри-Ланка тышкы карызы боюнча дефолт жарыялады

Өткөн жылдын соңунда Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Шри-Ланканын карызынын көлөмүн "чектен чыккан" деп сыпаттаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. – Sputnik. Эл аралык валюта фондунун экономикалык кайра куруу программасынын алкагында жүргүзүлө турган реструктуризацияны күтүү үчүн Шри-Ланканын бийлиги тышкы карызы боюнча дефолт жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Финансы министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
"Шри-Ланка эгемендүүлүк алган 1948-жылдан бери тышкы карызын төлөө жагынан үлгүлүү болуп келген. Бирок акыркы окуялар, COVID-19 пандемиясынын кесепеттери, Украинадагы абал өлкөнүн финансылык абалына катуу таасир этип, тышкы карызды тейлөөгө мүмкүн болбой калды", — деп билдирген Финансы министрлиги.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын соңунда Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Шри-Ланканын карызынын көлөмүн "чектен чыккан" деп сыпаттаган.
"Бийликтин тышкы карызын жөнгө салуу үчүн жасаган аракетинен майнап чыккан жок. Мындан улам Шри-Ланка бийлиги Эл аралык валюта фондунун экономикалык кайра куруу программасынын алкагында жүргүзүлө турган реструктуризацияны күтүүгө аргасыз", — деп айтылат маалыматта.
Дефолт 2022-жылдын 12-апрелине чейинки бардык төлөнө элек карыздар боюнча жарыяланган.
Шри-Ланка 1948-жылдан бери алгачкы ирет экономикалык катуу кризиске тушукту. Буга пандемия учурундагы чектөөлөрдөн улам туризм жабыркап, чет элдик валютанын дефицити себеп болду. Мунун кесепетинен өлкө жетиштүү көлөмдө күйүүчү май ала албай калды. Чет өлкөдө иштеген Шри-Ланканын жарандарынын акча которуулары дагы кыйла төмөндөп кеткен. Аралда чет элдик валютанын жетишсиздигинен улам 13 сааттап жарык өчүрүлүп, азык-түлүк тартыштыгы жаралды.
Эки жылда мамлекеттик карызды тейлөөдө чыгым 18 млрд. сомго өсөт