Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина акыры Россияга каршы чыкмак. Путин атайын операция тууралуу

Владимир Путин Украина "Россияга каршы трамплинге айланып калганын, Киев ачык түрдө Минск келишимдерин аткаруудан баш тартканын" баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Россиянын Украинадагы атайын операциясынын максаты ишке ашат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Шейшембиде Путин Буларусь президенти Александр Лукашенко менен Амур облусундагы "Восточный" космодромуна барган. Мамлекет башчылары космодромдун аймагын тик учакта айланып учуп, андагы курулуштун жүрүшү менен таанышышты. Ошондой эле командалык пунктунун жана "Ангара" ракета алып жүрүүчү кемесинин старттык жабдуулары турган жерлерге барышкан. Путин бул иш-чара учурунда беларустук кесиптешине маалымат берди.
"Бүгүнкү күндө биздин офицерлер Донбасста, Украинада атайын аскердик операцияга катышып, элдик республикаларга жардам көрсөтүүдө. Алар кайталангыс, теңдеши жок, заманбап куралдардын түрлөрүн кайраттуулук менен эффективдүү колдонуп жатышат", — деди Путин.
Ал Украинадагы атайын операция туура кадам экенин, Россиянын мындан башка аргасы болбогонун белгиледи. Россия президенти Киевде "неонацисттик бутактар атайын өстүрүлгөнүн", эртеби-кечпи акыры Москва менен кагылышуу болмок деген оюн айтты.
Ошондой эле президент Украина "Россияга каршы трамплинге айланып калганын, Киев ачык түрдө Минск келишимдерин аткаруудан баш тартканын" баса белгиледи.
Сөзүнүн соңунда Путин Украинадагы атайын операциянын максаты "так жана баалуу" экенин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина үчүн ленд-лиз АКШнын Европадагы саясатын кыйратат