Пресс-борбор

Турак жай кооперативи: ИИМ жабыркагандардын саны күн сайын өсүп жатканын айтты

Соңку жылдары турак жай кооперативдерине каражат салып же акчадан, же үйдөн жок калып, укук коргоо органдарына кайрылган жарандардын саны көбөйүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 2022-жылдын баштапкы үч айында Кыргызстанда финансылык пирамида боюнча 577 кылмыш иши катталган. Алардын ичинен 339у сотко жиберилгенин ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү Айбек Жетигенов билдирди.
ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү Айбек Жетигенов
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Турак жай кооперативиби же финансылык пирамидабы? Канткенде шылуундардын курмандыгы болбойбуз" деген аталыштагы тегерек столго катышкан.
Тергөөчүнүн айтымында, учурда мындай жол менен алданып, арыз менен кайрылгандар көбөйүүдө.
"Жыл башынан бери 577 кылмыш катталып, 339у сотко жиберилди. Азыр 200дөн ашык иш тергелип жатат. Арыз жазгандардын саны күн сайын өсүүдө", — деди Жетигенов.
Ал мындай иштердин кесепетинен элге 156 миллион 225 миң сом жана 27 миң доллар чыгым келтирилгенин, анын ичинен 130 миң сому гана ээсине кайтарылганын белгиледи.
Пресс-борбор
Оңоюна качырат. Адис эл эмнеге турак жай кооперативине кайрыларын түшүндүрдү