БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектеги кыймылсыз мүлк агенттигинин башкы директору Азим Сейдесембаев эмне себептен жарандар арасында турак жай кооперативдери популярдуу болуп жатканын түшүндүрдү.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Турак жай кооперативиби же финансылык пирамидабы? Канткенде шылуундардын курмандыгы болбойбуз" деген аталыштагы тегерек столго катышкан.
Адистин айтымында, кардарлар үй алуунун жеткиликтүү, оңой, арзан жолуна качырып турак жай кооперативдерине кайрылышат.
"Биз аркылуу үй сатып алган 10 кардардын экөө сөзсүз түрдө турак жай кооперативдеринин кызматын пайдаланышат. Мен бул маселени изилдеп көрдүм. Элди көбүнчө арзан баа, бюрократиянын жоктугу жана оңой нерсе кызыктырат экен. Дегеним, азыр бизде кредит кымбат, ипотека дагы оңой менен кол жеткидей эмес. Ал эми бул жакта баары оңойдой көрүнөт, бир аз топтогон акчасын берет дагы күтүп отурушат", — деди Сейдесембаев.
Ошондой эле адис кооперативдердин банктардай болуп кирешени далилдеген толгон-токой документ талап кылбаганы элди өзүнө тартарын кошумчалады.
"Бирок дал ушул нерсе — анын кемчилиги. Муну финансылык жана юридикалык жактан сабаты жок жарандар аңдабайт", — деди директор.
Ошол эле учурда ал дал ушул кооперативдер аркылуу үй алгандар дагы бар экенин, алар жарнама болуп берип жатканын айтты.
"Ооба, чындап эле үй алып жаткандар жок эмес. Кийин алар туугандарын, досторун үндөп жатат. Өзү билип, кооперативдерге кайрылган органдардын, банктардын кызматкерлери дагы бар. Менимче, бул тармакты мамлекет өзү катуу көзөмөлгө алышы керек", — деди ал.
Ошондой эле ал эл мындан ары алданбашы үчүн ЖМКлар аркылуу көйгөйдү болушунча көбүрөөк көрсөтүп, элге жеткирүү керектигин белгиледи. Мындан тышкары, социалдык тармактарда белгилүү адамдардын жардамы менен маселеге көңүл бурдурса болот деп эсептейт.