Кыргызстандын банктарында депозиттер боюнча пайыздык чен өсүүдө

Кыргызстанда акыркы кезде депозиттер боюнча эсептик коюмдар өсүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстандын банктарында депозиттер өсүп, 16 пайызга чейин жетти. Бул тууралуу "Апенди бизнесмен" Telegram-каналы жазды (Sputnik Кыргызстандын долбоору).
20 банкка мониторинг жасалды, дагы эки банктын сайты ачылган жок. Кыргызстанда жалпы жонунан 22 банк бар.

Өтө маанилүү маалымат

Белгилей кетсек, быйыл Улуттук банк эсептик коюмду үч ирет жогорулатты:
1-февраль — 8ден 8,5 пайызга чейин;
1-март — 10 пайызга чейин;
10-март — 14 пайызга чейин. Мындай чечим Улуттук банктын башкаруучулугунун кезексиз жыйынында кабыл алынган.
Эске салсак, эсептик коюм — бул Улуттук банк коммерциялык банктарга берген каражаттын пайыздык өлчөмү. Экономикалык теория боюнча, коюм канчалык жогору болсо коммерциялык банктар элге берген кредиттин пайыздарын ошончолук жогорулатат. Эгер төмөндөсө, анда кайра арзандатат. Эсептик коюм адатта инфляцияны төмөндөтүү үчүн жогорулатылат. Анткен менен экономиканын өсүү темпи төмөндөп кетет. Ал эми депозиттер боюнча эсептик коюм өсүшү мүмкүн. Салыштыруу үчүн айтсак, Россияда эсептик коюм өсөрү менен депозиттердин пайыздары жогорулады.

Депозиттердин эсептик коюмунун өсүшү

9-мартта КР Улуттук банкынын депозиттер боюнчу коюму өскөнгө чейин депозиттер 15,5 пайыз болуп жаткан. Азыр болсо беш банкта депозит 15 пайыз же андан жогору болууда:
Эки банкта — 16 пайыз;
Бир банкта — 15,5 пайыз;
Эки банкта — 15 пайыз.
Эске салсак, март айында банктардын бири депозиттин пайызын 18ге чейин жеткирип, бирок кайра 14кө түшүргөн.
Мигранттар январь-февралда Кыргызстанга рекорддук суммада акча которду