Мигранттар январь-февралда Кыргызстанга рекорддук суммада акча которду

Каражаттын басымдуу бөлүгү же 354 миллион сому Россиядан которулган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга чет өлкөдөн 364 миллион доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.
Аталган сумма акча которуу системасы аркылуу жеке жактардан түшкөн. Анын басымдуу бөлүгү же 354 миллион сому Россиядан которулган.
Эгер 2005-жылдан берки январь-февраль айларына карата статистиканы салыштыра турган болсок, азыркы көрсөткүч рекорд болуп саналат. Ал эми былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 36,1 миллион сомго көп.
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айындагы маалыматтар (300 миллион доллардан ашкан сумма гана көрсөтүлдү):
2021 — 328,6 миллион;
2020 — 313,6 миллион;
2019 — 344,5 миллион;
2018 — 310 миллион.
Россия жеке жактардын чет өлкөгө акча которуусун эки эсеге көбөйттү