Бишкектеги мектептердин бардыгын бир компания курабы? Мэриянын жообу

Муниципалитет билим берүү мекемелери мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдардын чегинде гана жүргүзүлөрүн кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаанын аймагындагы мектептердин бардыгын "Экспресс-строй КГ" ЖЧКсы курат деген маалыматты төгүндөдү.
Муниципалитет билдиргендей, буга чейин аталган компания шаар аймагында билим берүү мекемелерин куруп берүүнү сунуштап, кепилдиктерин берген. Анткен менен мэрия бул ишкана менен келишим түзгөн эмес.
"Мектептерди куруу боюнча бардык кызматтар мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын чегинде жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан менен Өзбекстандын премьерлери Баткендеги мектепти ачышты. Сүрөт