Россия менен темир жол байланышы качан ачылат? Жооп

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси 2023-жылга чейин Москвага жүргүнчүлөр каттабашы мүмкүн экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Россия менен темир жол байланышы апрелдин аягында же майдын башында жанданат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Россия темир жолу" менен "Казак темир жолу" макулдашты, бирок Россиянын коронавирус боюнча оперативдүү штабы макул боло элек. Учурда Москва шакекче жолдорун жаңыртып жатат. Андыктан "Россия темир жолу" Самара, Казань, Новосибирск шаарларына каттамдарга уруксат берет. Ал эми Москвага 2023-жылга чейин жүргүнчү ташуу болбойт", — деди Сакиев.
Тарифтер азырынча бекитиле элек. Пандемия башталганга чейин Бишкек — Москва поездине билеттин баасы 7 800 сом болчу.
Кыргыз-казак чек арасынан автобустар өткөрүлбөй жатат