БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ок атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынан кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя бүгүн, 12-апрелде, болгон. Анда тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай өлкө аймагына кирип алган.
"Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районунун Селкан аймагында кызмат өтөп жаткан маалда тажик тараптан коңшу мамлекеттин чек арачылары чыккан. Кыргызстандын аскерлерин көрүп туруп мамлекеттик чек арага жакын келип, кыргыз чек арачыларынын "токто, чек ара сызыгынан өтпөгүлө" деген талаптарына карабай Кыргызстандын аймагына 20 метрдей кирип кетишкен. Алардын өлкө аймагына кирүүсүн токтотуу максатында КР чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан. Жооп иретинде тажик чек арачылары Кыргызстандын аскерлерине ок чыгарган", — деп айтылат маалыматта.
Эки тараптын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүп, анын жыйынтыгында ок атышуу токтотулганы айтылды. Атышуудан кыргыз тараптан жабыркагандар, жарадар болгондор жок. Алдын ала маалымат боюнча, Тажикстандын бир аскер кызматкери жарадар болгон. Азыркы тапта окуя болгон жерде Кыргызстандын Лейлек, ал эми Тажикстандын Ганчинск участкалары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатканы кошумчаланды. Саат 21:00гө карата чек арада абал туруктуу. Чек ара кызматы кырдаалга көз салып турат.