Радио

Турганова: китеп окулбай, көп окуучулардын ой жүгүртүүсү төмөн болууда

Борбор калаадагы окутуу борборунун ЖРТга туура даярдануу боюнча адиси Гүлина Турганова мектеп окуучулары китепти көп окубай калганын айтты.
Sputnik
Кыргызстандагы бардык мектептерде билим берүү шарты жана деңгээли ар башка. Ошондуктан окуучулар арасында ЖРТга кошумча даярдык көрүү муктаждыгы жаралды. Бирок окуучу тестирлөөгө 2-3 ай калганда эмес, 8-класстан баштап даярдык көрсө жогорку балл ала алат. Бул тууралуу Гүлина Турганова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖРТда балдар убакыт менен иштөөгө көңүл бөлүшү зарыл.
"Балдар ЖРТга даярдануу үчүн окутуу борборлоруна маалыматтын аздыгынан улам келишет. Жалпы республикалык тестирлөө — бул мектепте 11 жыл алган билимдин негизинде мамлекеттик стандартта түзүлгөн тест. Биз келген окуучуларга тесттин максаты тууралуу айтып, анда логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган, салыштыруу иретинде түзүлгөн суроолор бар экенин айтып беребиз. Көп учурда балдар аналогия, колонка түрүндөгү суроолорго түшүнбөй жаткандарын айтышат. Алар мектепте мындай ыкмада эсеп чыгарып же окубаганын айтышат. Ал эми түшүндүрө келгенде математикалык колонка бул кадимки эле чоң, кичине же барабар деген салыштыруу экенин билишет. ЖРТда эптеп эле босого баллды алайын деген болбойт. Себеби ЖОЖдо атаандаштыктан улам босого баллдан өтсөң деле жакшы адистикке тапшыра албай калышың мүмкүн. Андыктан мүмкүн болушунча максималдуу балл алууга умтулуш керек", — деди Турганова.
Ал ЖРТ эң күчтүү жана ишенимдүү система экенин, ал эми кошумча республика боюнча профориентация борбору ачылып, балдар алдын ала кесип тандоого үйрөтүлүшү керектигин кошумчалады.