Кайрадан атышуу. Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен аткылай баштады

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажикстандык кесиптештерин кырдаалдын курчуп кетүүсүнө жол бербөөгө, жай тургундар жашаган аймактарды аткылоону токтотууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кайрадан атышуу болгонун Чек ара кызматы билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 12-апрелде, тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атышуу болгон. Бирок эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган.

"Болжол менен саат 21:17лер чамасында эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү жүрүп жаткан маалда окуя болгон жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскерлерине ок чыгарган. Жыйынтыгында кайрадан атышуу болуп, ал жарым саатка созулган. Экинчи жолку атышуудан Кыргызстандын чек ара кызматынын аскери жарадар болгон. Андан кийин тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылап баштады", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажикстандык кесиптештерин кырдаалдын курчуп кетүүсүнө жол бербөөгө, жай тургундар жашаган аймактарды аткылоону токтотууга чакырды.
Эрлан Абдылдаев Тажикстанга элчи болду