БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Тажик тарап ок чыгарган Лейлектин айрым айылынын тургундары эвакуацияланып жатат. Билдирүүнү президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы тастыктады.
"Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Достук, Арка, Борбордук, Жаштык айылдарынын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылынын эли өз алдынча эвакуация болууда", — деген маалымат кызматтын өкүлү.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жергиликтүү тургундар менен байланышты. Алардын айтымында, Арка айылында атылган октун үндөрү угулган соң айыл жашоочулары үйлөрүн таштай качып чыгышкан. Алар Максат айылы тараптан да атылган октун үндөрү угулуп жатканын кошумчалашты.
Эске салсак, бүгүн, 12-апрелде, тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атышуу болгон. Бирок эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган.
Чек ара кызматынын акыркы маалыматы боюнча, тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтотту. Чыр-чатактан Кыргызстандын бир аскери жабыркаган. Учурда анын абалы оор экени, операцияга даярдалып жатканы айтылды.