Тарых музейинин иштөө убактысы узартылды

Борбордогу музейлер кечки саат жети-сегизге чейин иштейт. Ал эми дүйшөмбү күн дем алыш болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектеги эки музейдин иштөө убактысы туристтердин жана кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн жылдырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Графикке ылайык, Тарых музейи күн сайын саат 10:00дөн 20:00гө чейин иштемей болду. Ал эми Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи жуманын бейшемби күнү саат 11:00дөн 20:00 чейин, калган күндөрү саат 11:00дөн 19:00гө чейин иштейт.
Музейлер буга чейин 18:00гө чейин иш алып барып келген.
Буга чейин бекитилген графикке ылайык, бардык музейлер үчүн дүйшөмбү күн дем алыш бойдон калат.
Таластагы болочок "Атлах" музейинин эскиздери