Суу чарбасын чечүү, чатактарды болтурбоо. Баткен менен Согдунун башчылары кезикти

Жолугушуунун жүрүшүндө чек арага жакын жайгашкан айылдардын сугат суу, жазгы талаа жана чарбачылык маселелери боюнча комиссия түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын "Кызыл-Бел" жана Тажикстандын "Гулистон" өткөрүү пунктунда тараптар чек арадагы соңку кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.
1 / 2

Жолугушууга Баткен менен Согд облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев жана Раджаббой Ахмадзода, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери катышкан

2 / 2

Анын жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу, болтурбоо жана жакында эле чек аралаш аймактарда катталган окуялар сүйлөшүлгөн

Жолугушууга Баткен менен Согд облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев жана Раджаббой Ахмадзода, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери катышкан.
Анын жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу, болтурбоо жана жакында эле чек аралаш аймактарда катталган окуялар сүйлөшүлгөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында үч нерсе макулдашылган:
чек арага жакын жайгашкан айылдардын сугат суу, жазгы талаа жана чарбачылык маселелери боюнча суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн. Аны эки облустун биринчи орун басарлары жетектемей болгон. Комиссия өкүлдөрү 13-апрелден тарта Лейлекте ишин баштайт;
милиция менен жергиликтүү бийликке тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди алдын алып турушу эскертилген;
чек арага жакын аймактарга кошумча күчтөрдү тартпоо макулдашылган.
Нарында сугат суу менен камсыздоону калыбына келтирүү иштери башталат