БИШКЕК, 12-апр. – Sputnik. Башкыртстан Кыргызстандан эт, жашылча-жемиш сатып алып, республика аркылуу өзүнүн продукцияларын сатууга кызыкдар. Бул тууралуу КРдин Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 12-апрель күнү, Башкыртстандын тышкы экономикалык байланыштар боюнча министри Лена Изотова башында турган делегацияны КРдин Соода өнөр жай палатасынын жетекчилиги кабыл алган.
Делегация башчысы Башкыртстан Кыргызстандан эт, жашылча-жемиш сатып алууга даяр экенин айтып, республика дүйнөдөгү абалга байланыштуу жаңы өнөктөштөрдү издеп жатканын белгилеген.
"Мындан тышкары, Кыргызстан товардын башка мамлекеттерге реэкспорту үчүн атайын хаб боло алат. Башкыртстан Кыргызстандын рыногуна суу май, жер семирткич, жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды, эмеректерди, электрожабдыктарды, түрдүү өндүрүш жана химиялык продукцияларды, санариптештирүү боюнча кызматтарды сунуштай алат", — деген Изотова.
Ал эми кыргыз тарап медициналык жабдыктарды жана муздаткыч камераларын жеткирүүгө кызыкдар экенин билдирген.
Жолугушуунун соңунда тараптар компаниялар менен продукциялардын толук тизмесин түзүүнү макулдашкан.
Белгилей кетсек, Башкыртстандан 10-апрелде келген делегация Кыргызстанда 15-апрелге чейин болот.