БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк экономиканы бөлүп-жаруу мүмкүн болбогондуктан АКШнын санкциялары рублге зыян келтире алган жок, тескерисинче, Россия акчасынын курсу турукташты. Бул тууралуу америкалык Global Times гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"26-мартта Варшавада сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Жо Байден Батыштын санкцияларынан улам "рубль таштандыга айланганын" айткан. Бул сөз ачык эле аша чапкандык жана реалдуулукка эч туура келбейт. Россиянын атайын операциясы башталгандан бери рубль Украинада дээрлик толугу менен жоголгон позициясын калыбына келтирди", — деп айтылат макалада.
Анда айтылгандай, Батыш Москва менен экономикалык күрөшкө түшөрдө өз мүмкүнчүлүгүн ашыкча баалап алган. Мисалы, ошол эле Россиянын энергия булактары дүйнөлүк экономикада өтө маанилүү экени жана ага Батыш өлкөлөрүнөн башка кардарлар көп экени тастыкталды.
"Россияга каршы чараларды негизинен Түндүк Америка жана Европа өлкөлөрү гана киргизди. Анткени башкалар санкциялар өздөрүнө эле кесепетин тийгизерин жакшы түшүнөт. Эч ким калыпка түшүп калган экономикалык байланыштарды үзгүсү келбейт", — деп жазышкан гезиттин баяндамачылары.
Мындан улам рублди дүйнөлүк экономикадан оолактатып кароо мүмкүн эместиги кошумчалады.