Кирешени көбөйтүү үчүн кошумча иш издөөнүн кереги жок. Адистин түшүндүрмөсү

Адистер көбүрөөк акча тапкысы келгендерге кошумча иш издебей, айлыкты көтөртүүгө аракет кылууну же орун которууну сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Көп жылдан бери бир гана суммадагы айлык алып, бирок эми кирешесин көбөйткүсү келген адамдар эмне кылышы керектиги тууралуу психолог жана коуч Сергей Насибян менен финансы маселелери боюнча кеңешчи Елена Парий айтып беришти. Адистердин пикирин РИА Новости жазды.
Елена Парийдин пикиринде, айлыкты жогорулатуунун бирден-бир ыкмасы — өз мүмкүнчүлүктөрүң, ишканага тийгизген пайдаң тууралуу конкреттүү аргументтерди жана сунуштарды даярдап алып жетекчиликке кирүү. Бирок ал жерден чындап эле ишиң азыркы төлөнүп жаткан акчадан кымбатыраак турарын делилдеп берүү керек.
"Кирешени көтөрүүнүн дагы бир жолу хоббини киреше булагына айландырса болот. Бирок бул кирешени эң көп дегенде 20 пайызга гана көтөрө алат. Бирок колдон келсе башка, экинчи жумуш издебеш керек. Бир нече жумушта иштеген киши өзүнө, жакындарына убактысы жетпей кыйналат, ден соолугу солгундайт", — деди Парий.
Ал эми коуч Сергей Насибян азыркы экономикалык абалдан пайдаланып кызмат ордун которуп же таптакыр башка тармакка өтүп кетсе болорун айтат.
"Экономика туруксуз болуп турганына карбай жаңы кесиптер, компаниялар пайда болууда. Өз күчүнө ишенген адамдар мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашы керек. Бирок бир нече айга жеткидей акчасы болгону жакшы. Анткени жаңы жумуш дароо эле биз каалаган жана туруктуу кирешени алып келет деген кепилдик жок", — деди ал.
Буга чейин адистер көп иштеп, бирок акчасын эч нерсеге жеткире албагандарга кеңеш берген.
Кредиттин үстүнө кредит алуу азабынан кантип арылса болот? Адистин кеңеши