Соцфонд иштеген аскер кызматкерлеринин пенсиясын бербей турууну сунуштап жатат

Мекеме аскер кызматкерлеринин пенсиясына кеткен чыгым 16 пайызга оптимизациялана турганын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Социалдык фонд пенсия курагына келип, бирок иштеп айлык алган аскер кызматкерлерине пенсия бербей турууну сунуштап жатат.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште пенсиялык системаны жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын реформалоо боюнча парламенттик угуу болду.
Соцфонддун директорунун орун басары Гүлнура Жуматаеванын айтымында, аскер кызматкерлеринин пенсиясына аталган фонддун тиешеси жок, болгону акча ушул мекеме аркылуу өтөт.
"Ушу тапта аскер кызматкери 40-42 жашында пенсияга чыгып иштей берет. Пенсиясынын 50 пайызын, анан айлыгын да алат. Башка мамлекеттерде мындай тажрыйба жок. Же эмгек акысын алат, же кеткенде пенсиясын алат. Ошол эле Россия менен Казакстанда аскер кызматынан кеткенден кийин гана пенсиясын алат. Биз дагы ушул нерсени сунуштап жатабыз", — деди Жуматаева.
Ал аскер кызматкерлеринин пенсиясына кеткен чыгым 16 пайызга оптимизациялана турганын кошумчалады.
Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын узартууну сунуштады