Соцфонд пенсиялык төгүмдү инвестициялоонун эки жолун сунуштады

Социалдык фонд пенсиялык төгүмдөрдүн топтомо бөлүгүн депозитке (сом менен), мамлекеттик, муниципалдык жана ипотекалык баалуу кагаздарга инвестициялап келет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Пенсиялык төгүмдөрдүн бир бөлүгүн чет элдик валюта менен баалуу металлга инвестициялоо сунушталып жатат. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева парламенттик угууда пенсиялык системаны реформалоо маселелери каралып жатканда билдирди.
Анын айтымында, пенсиялык төгүмдөрдүн топтомо бөлүгү депозитке (сом менен), мамлекеттик, муниципалдык жана ипотекалык баалуу кагаздарга инвестицияланат.
2012-жылдан бери инвестициялар туруктуу киреше алып келе баштаган. Мисалы, 2012-жылы 11,6 пайыз, 2021-жылы 11 пайыздан жогору киреше кирген.
"2010-жылдан тарта ар бир сом инвестициялардын эсебинен 90 тыйынга көбөйгөн", — деди Жуматаева.
Ал ошондой эле топтомо бөлүк улам өсүп, 30 миллиард сомго жеткенин белгилеп, мындан улам инвестиция үчүн шарт түзүү керектигин кошумчалады.
Соцфонд төрагасынын орун басары инвестициянын дагы эки варианты сунушталып жатканын билдирди:
Баалуу металл, алтын же платина болушу мүмкүн;
Чет элдик валютада депозит (ал 10 жылда доллардын баасы канчага өскөнүн эске салды).
Соцфонд иштеген аскер кызматкерлеринин пенсиясын бербей турууну сунуштап жатат