Радио

Дубанаев: "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси иштеп баштады

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси ишке кирип, жетекчилиги бекитилгенин айтты.
Sputnik
Салык кызматы органдарынын маалыматтык системасынын ишин үзгүлтүксүз камсыздоо, жакшыртуу жана IT-адистеринин ишин натыйжалуу кылуу максатында "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси ишке кирди. Бул тууралуу Адилет Дубанаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында "Салык сервис" мекемеси салык төлөөчүлөр арасында коопсуздукту камсыздоо үчүн тажрыйбалуу программисттер менен иш алып барат.
"Салык кызматынын алдында "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси түзүлүп, ушул жылдын 22-мартында тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Салык кызматынын ишин жакшыртууда маалыматтык технологиялар менен иштеген тажрыйбалуу адистерге муктаждык жогорулады. Санариптештирүүнүн алкагында киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн дасыккан адистер иш алып барышы керек. Анткени бизде буга чейин көйгөйлөр болуп келген. Долбоорлорду аткарууда түрдүү IT-адистерине акы төлөп берчүбүз. Эми аларды өзүбүздүн кызматтык штатка киргизип, иштин жүрүшү абдан тездейт. "Салык сервис" мекемесинин жетекчилиги бекитилип, 35 программист иш алып барат", — деди Дубанаев.
Ошондой эле адис "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси киберкоопсуздукту камсыздоого көңүл буруп, кызматты туруктуу иштетүүгө көңүл бурарын кошумчалады.