Электрондук каттоодо "арыз ээси баланын энеси эмес" деп чыкса эмне кылуу керек?

Адис муну баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү системага киргизилбегендиги менен байланыштырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асель Кененбаева эмне себептен баланы 1-класска каттоо системасында ата-энелерге "арыз ээси баланын энеси эмес" деген сыяктуу түшүнүксүз чектөөлөр коюлуп жатканын жана ал көйгөйдү кантип чечиш керектигин түшүндүрүп берди.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда баланы 1-класска электрондук каттоонун биринчи этабы башталды. Бирок саат 9:00дө эле ата-энелердин көбү системага кирип балдарын каттай албай койгонун айтып, "арыз ээси баланын энеси эмес", "туулгандыгы боюнча маалымат жок" деген сыяктуу түшүнүксүз жазуулар чыкканын айтышкан.
Кененбаева муну баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү системага кирбей калганы менен байланыштырды.
"Мурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр кагаз түрүндө гана берилип келген. Ал эми системанын толук кандуу автоматташтырылганына аз гана жыл болду. Мындан улам күбөлүктөр электрондоштурулбай калган дагы, азыр ата-эне менен баланын байланышы тууралуу маалымат чыкпай калууда. Бул көйгөйдү жоюу үчүн ата-эне калкты тейлөө борборлоруна барышы керек. Ал жактан кагаз түрүндөгү күбөлүк архивден көтөрүлүп, маалыматтары системага киргизилип, автоматташтырылат. Ата-эне менен баланын байланышы тастыкталган соң маалымат базага киргизилет", — деди ал.
Кененбаева баланын жашына карата коюлган чектөөлөр алына баштаганын кошумчалады (буга чейин бала күзүндө же кышында 6 жашка чыга турган болсо системада "сиздин балаңыз 5 жашта" деген чектөө чыгып жаткан).
Көп эрежеси өзгөрдү. Баланы мектепке электрондук каттоо боюнча 5 суроого жооп