Радио

Ысабеков: мыйзамсыз байлыкты легалдаштырууга мүмкүнчүлүк берилүүдө

Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун түшүндүрүп берди.
Sputnik
Жарандарга мыйзамсыз мүлк же каражатын легалдаштырууга мүмкүнчүлүк берилүүдө. Бул көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууга шарт түзөрүн Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууда болгондуктан ар бир жаран өз сунушун берсе болот.
"Өнүккөн өлкөлөрдө деле көмүскө экономика 15-20 пайызга чыгып кеткен учурлар бар. Ошондуктан алар 20-30 жыл аралыгында легалдаштыруу боюнча өнөктүктөрдү өткөрүшөт. Бул дүйнө жүзүндө кеңири жайылган тажрыйба. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин бир нече жолу көмүскө каражаттарды легалдаштыруу аракети болгон. Анын эң ийгиликтүүсү 2013-2014-жылдардагы кампания. Ага 9 840 жаран катышып, 37 миллион сомдой каражат бюджетке түшкөн. Учурда дагы легалдаштыруу маселеси көтөрүлүүдө. Өлкөдө билип-билбей кыймылсыз мүлкүнө салык төлөбөй же приватташтыруудан кийин мыйзамдаштырбай калган учурлар бар. Алдыдагы беш жылдын ичинде бардык жарандар бирдиктүү декларацияны милдеттүү тапшырат. Ага чейин кандайдыр бир жашырылган мүлк, каражат болсо легалдаштырып алуусуна мүмкүндүк берилүүдө. Анткени мүлк же каражатын легалдаштыргандар кийин салык кызматкерлеринен, укук коргоо органдарынан чочулабастан бирдиктүү декларацияны толтурат. Аталган өнөктүк көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууга шарт түзөт", — деди Ысабеков.
Ошондой эле ал өнөктүктүн негизги максаты бюджетке каражат түшүрүү эмес экендигин кошумчалады.