БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Кыргызстанда доллардын курсу бир аз төмөндөп, алтын куймалар менен бензин кымбаттады.
Өткөн жума күнкүгө салыштырмалуу доллар 37 тыйынга, евро 0,54 тыйынга баасын түшүрдү.
Учурда АКШ акчасын сатып алуу 86,78, сатуу 87,78 сомдон болууда. Еврону 94,31 сомдон сатып алып, 95,31 сомдон сатып жатышат. Ал эми рублдин наркы билинер-билинбес гана өзгөрдү.
"Бишкек Петролеум":
АИ-92 — 63,3 сом;
АИ-95 — 66,6 сом;
Дизель майы — 63,7 сом.
"Газпром нефть Азия":
АИ-92 — 63,5 сом;
АИ-95 — 66,5 сом;
Дизель майы — 63,5 сом.
Алтындын 1 граммы 133 сомго көтөрүлүп, 7 697 сомдон сатылууда.