"Симулянт эмесмин!" Атамбаевдин сотто кабинаны тепкилеп кайра чуу салган видеосу

Өткөн жумада Алмазбек Атамбаев үч ирет сотко мажбурлоо жолу менен алып келинген. Эки процессте Тез жардам кызматы чакыртылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук сотунун залында соттолуучулардын кабинасынын айнегин тепкиледи.
Ал аны сот залынан чыгарып коюуну талап кылып ушундай кадамга барган. Атамбаевдин айтымында, аны симулянт катары көрсөткүлөрү келип жатат.
"Мен буга чейин бир дагы жолу арызданган эмесмин. Азыр ачык айтып коёюн, колониянын жетекчисине медициналык кароодон өтүп, дарыланышым керектиги боюнча арыз жазгам", — деди мурдагы президент.
Атамбаев "Позор!" деп кыйкырып, айнекти тепкилей баштаган. Анын тарапташтары дагы сүрөп киргендиктен Атамбаевди сот залынан чыгарып кетишти.
Эске салсак, бир жума мурда Атамбаевди 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча соттук процесске соттун токтомуна ылайык мажбурлап алып келишкен. Жыйын учурунда мурдагы ажо өзүн начар сезгендиктен Тез жардам кызматы чакыртылган. Процесс шейшемби күнгө жылдырылган.
Кийинки күнү саясатчыны кайрадан сотко алып келишкен. Атамбаев журналисттерге кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен колониядан дарыланып жатканын билдирген. Соттолуучунун абалы экинчи күнү дагы начарлап, жыйындар залынан алып кетишкен.
Жума күнү, 8-апрелде, Атамбаев "Мени өмүр бою эркимен ажыраткыла дагы, мазактаганды токтоткула, акмактар!" деп ызаланып, айнекти тепкилеген.
Мазактаганыңарды токтоткула! Атамбаевдин сот залында чуу салган видеосу