"Кыргыз алтын" компаниясынын төрагасы болуп Жарасул Абдураимов дайындалды

Абдураимов буга чейин Ош облусун башкарган, андан кийин экономика жана коммерция министринин орун басары болуп эмгектенип келген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жарасул Абдураимов "Кыргыз алтын" ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган компания билдирди.
Абдураимовду эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырган.
Компаниянын жаңы жетекчиси 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын июлуна чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.
2022-жылдын январь айына чейин экономика жана коммерция министринин орун басары болуп эмгектенип келген.
Абдураимов 1960-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы.
Чүйдүн башчылыгынан кеткен Эркин Тентишев президентке кеңешчи болду