Кыргыз-казак чек арасынан 6,5 млн. рубль жана алтын алып бараткандар кармалды

Чек арага Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки автоунаа менен келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз түрдө алтын буюмдарын жана 6,5 миллион рубль алып чыгууга аракет кылгандар кармалды. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
1 / 4

Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз түрдө алтын буюмдарын жана 6,5 миллион рубль алып чыгууга аракет кылгандар кармалды

2 / 4

Маалыматка ылайык, "Ак-Жол" чек ара бекетине 35 жаштагы К.М. жана 31 жаштагы А. уулу Ж. аттуу жарандар Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки автоунаа менен келишкен

3 / 4

Чек арачылар текшерүү учурунда скотч менен оролгон коробка жана баштык табышкан. Айдоочулар анын ичинде эмне бар экенин айта алышкан эмес.

4 / 4

Ачканда жалпы салмагы 820 граммды түзгөн алтын шакек, сөйкө, билерик жана моюнга тагылуучу чынжырлар чыкты. Буюмдарды коштоочу документтер болгон эмес. Аны менен катар 6,5 миллион рубль табылды

Маалыматка ылайык, "Ак-Жол" чек ара бекетине 35 жаштагы К.М. жана 31 жаштагы А. уулу Ж. аттуу жарандар Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки автоунаа менен келишкен.
"Чек арачылар текшерүү учурунда скотч менен оролгон коробка жана баштык табышкан. Айдоочулар анын ичинде эмне бар экенин айта алышкан эмес. Ачканда жалпы салмагы 820 граммды түзгөн алтын шакек, сөйкө, билерик жана моюнга тагылуучу чынжырлар чыкты. Буюмдарды коштоочу документтер болгон эмес. Аны менен катар 6,5 миллион рубль табылды", — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочулар, алынган буюмдар менен акча каражаты андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.
Лейлектин тургуну кыргыз-казак чек арасынан 24 кг. баңгизат менен кармалды